Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 10:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Садыр Жапаров «Орто-Боз» чек ара тозотуна барды (фото)

27.05.2021 23:04
1199
Садыр Жапаров «Орто-Боз» чек ара тозотуна барды (фото)

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы «Орто-Боз» чек ара тозотуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мамлекет башчысы аскердик кызматтын шарттары жана аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушу менен таанышты. Чек арачылар менен баарлашып, аларды түйшөлткөн көйгөйлөрүн сурады.


Андан соң Садыр Жапаров Лейлек жана Баткен райондорун бириктирүүчү Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун курулушу менен таанышты.

Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун жалпы узундугу 44,1 км түзөт, V-техникалык категориясындагы шагыл жол куруу пландаштырылууда.


Бул жол Баткен районунун 17 айылынын тургундарын Лейлек районунун Исфана шаарына бир топ кыска жол менен баруусун камсыз кылат. Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун курулушу чек араны бекемдөө жана өлкөнүн транспорттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өтө маанилүү долбоор болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан бул стратегиялык тилкеге жол салуунун өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров аймактардын экономикалык өсүшү менен туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору болгон ички жолдорду куруунун зарылдыгына токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн