Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

10.04.2023 15:23
510
Садыр Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.


Мамлекет лидерлери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык аймактык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.


Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты.


Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн