Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Путин менен жолугушту

24.05.2021 17:32
1824
Садыр Жапаров Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын алкагында Сочи шаарында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу ТАСС билдирди.


Маалыматка караганда эки өлкө башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулады.


"Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны тынчтык жолу менен чечүү үчүн  колунан келген аракетти жасайт",- деди Путин.


Мындан сырткары ал Кыргызстандын аймагында  Sputnik V вакцинасын өндүрүү маселеси талкууланды.


Өз кезегинде Садыр Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек арасын тынчтык жолу менен чечүү үчүн көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн