Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды.
Маалыматка ылайык, жолугушуу башында Россия президенти Владимир Путин сөз сүйлөп, РФ Кыргызстан менен да, Тажикстан менен да жакшы мамиледе экенин билдирди.
Андан соң жолугушуу жабык эшик артында уланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн