Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Райым Матраимовго берилген жаза боюнча пикирин билдирди

13.02.2021 19:05
1785
Садыр Жапаров Райым Матраимовго берилген жаза боюнча пикирин билдирди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда, «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигине маек берип, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго карата чыккан соттун чечими жөнүндө айтып берди.

Президенттин айтуусуна караганда, Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген.

"Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз. Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ошондуктан эл сабырдуу болуп турушу керектигин айтып, ар бир иштин бүтчү күнү болот, - деп баса белгиледи.

"Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, "Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула" деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Баш аламандык болуп кетсе алар элдин тагдырына жооп бербейт", - деди президент Жапаров.


Булак: Кабар улуттук агенттиги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн