Теке 26, 2025
Убакыт: 10:30
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга токойдогу өрттөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

25.07.2025 12:47
32
Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга токойдогу өрттөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты


Президент Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга токойдогу өрттөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.


“Түркиянын Эскишехир провинциясындагы токойдо болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.


Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.


Ошондой эле Кыргыз Республикасы токой өрттөрүн алдын алуу жана өрт менен күрөшүү ишинде жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирем”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн