Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:52
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Риши Сунакты Улуу Британиянын премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктады

03.11.2022 12:31
428
Садыр Жапаров Риши Сунакты Улуу Британиянын премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Риши Сунакты Консерваторлор партиясынын жаңы лидери болуп шайланышы жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.


«Сиздин Улуу Британиянын Өкмөтүнүн башчысы кызматына киришүүңүз кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга түрткү берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Садыр Жапаров Риши Сунакка чың ден соолук жана бакубаттык, жогорку мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Улуу Британия элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн