Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 13:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Садыр Жапаров Россия менен болгон эриш-аркак жылын узартууну сунуштады

19.02.2021 14:26
461
Садыр Жапаров Россия менен болгон эриш-аркак жылын узартууну сунуштады
«2020-жыл Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө дагы бир стимул болду. Анын программасына 200дөн ашуун иш-чаралардын тизмеси кирип, эки тараптуу өз ара кызматташууну активдештирүү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү максаттарын көздөйт», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитинин бүгүнкү, 19-февралдагы санына жарыяланган өзүнүн макаласында.

Мамлекет башчысы, биргелешкен пландарга пандемия күтүүсүздөн түзөтүүлөрдү киргизип, мерчемделгендердин баары эле ишке ашпай калганын баса белгиледи.

«Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышын гана өткөрүүгө жетиштик, бирок айрым иш-чараларды кайрадан түзүүгө туура келди. Россиянын Кыргызстандагы күнү жана Кыргызстандын Россиядагы Эгемендүүлүк күнү онлайн режимде өткөрүлдү. Көп улуттуу Кыргызстандын элинин атынан мен эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуш кылам. Бул боюнча Россиянын жетекчилигинен колдоо табарыма ишенем», - деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн