Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Румыниянын Президенти Клаус Йоханнисти Румыниянын Улуттук биригүү күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
«Кыргызстан менен Румыниянын ортосундагы салттуу достук мамилелер мындан ары да эки өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошот деп ишенем. Сизге чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Румыния элине бакубаттык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн