Бугу 01, 2024
Убакыт: 20:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Садыр Жапаров ШКУнун видеоконференция форматындагы кеңешмеге катышты

10.11.2020 17:00
1030
Садыр Жапаров ШКУнун  видеоконференция форматындагы кеңешмеге  катышты

Бүгүн, 10-ноябрда Россиянын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмунун видеоконференция форматындагы саммит болду. 


Саммитте президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр  Жапаров да катышты. Жапаров Кыргызстан өнөктөш мамлекеттер менен көп тармактуу ккызматташууга даяр экенин жана Кыргызстан толук түрдө мыйзам талаасына кайтып келип туруктуулук орногонун белгиледи. 


Өз кезинде ШКУнун катышуучулары сөз сүйлөп уюмга мүчө өлкөлөр коронавируска каршы чогуу күрөшүү маселелерин, саясий, экономикалык-соода маселелери да талкууланды. 


Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө болуп эсептелет.


https://www.super.kg/kabar/news/332245/

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн