Бугу 13, 2024
Убакыт: 08:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

08.11.2023 22:18
174
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Ташкент шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ырааттуу ишке ашырылып, маданий-гуманитардык алмашуу активдешип жатканын, ошондой эле эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жемиштүү иштер уланып, мында өсүштүн оң динамикасы байкалганын канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук өз ара аракеттенүүнү мындан ары ырааттуу өнүктүрүүнү макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн