Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди шайлоодо ишенимдүү жеңиши менен куттуктады

25.10.2021 18:14
486
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди шайлоодо ишенимдүү жеңиши менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Телефондук сүйлөшүү жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап жана бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине – тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.


Мындан сырткары, мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечектерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн