Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 01:38
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласын ардак грамота менен сыйлады

23.12.2021 12:44
655
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласын ардак грамота менен сыйлады

Президент Садыр Жапаров Отабек Умаровду Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Кабар" МА кабарлады.


Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы маданият жана спорт тармагындагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Борбордук Азия ММА (аралаш искусство) конфедерациясынын жетекчиси, Азия Олимпиада кеңешинин вице-президенти Умаров Отабек Мухаммедалиевич Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.


Эскерте кетсек, Отабек Умаров Шавкат Мирзиёевдин Шахноза аттуу кызы менен баш кошкон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн