Президент Садыр Жапаров Ульф Кристерссонду Швеция Падышачылыгынын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады.
«Кыргыз Республикасы менен Швеция Падышачылыгынын ортосундагы мамилелер өз ара кызыкчылыкка негизделген бардык тармактарда мындан ары бекемдеп, өнүгө берет деп терең ишенем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Садыр Жапаров Ульф Кристерссонго чың ден соолук жана мамлекеттик ишине зор ийгиликтерди, ал эми Швеция элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн