Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Санкт-Петербургда КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

26.12.2022 20:18
298
Садыр Жапаров Санкт-Петербургда КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Санкт-Петербург шаарында  Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.


Б.Ельцин атындагы президенттик китепканада өз ара саламдашуудан жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин, өлкө лидерлери бейформал жолугушуу залына өтүштү.


Россиянын Президенти Владимир Путин саламдашуу сөзүндө өлкө башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу расмий эмес жолугушууга келгени үчүн баарына ыраазычылык билдирди.


Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы төрагалык кылган мезгилде Шериктештиктин потенциалын чыңдоо боюнча конкреттүү чаралар боюнча анализ жасады. Ал ошондой эле Кыргызстан КМШга төрагалык кыла турган келерки жылда Президент Садыр Жапаровго чоң ийгиликтерди каалады.


Иш-чарага Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн