Кулжа 08, 2025
Убакыт: 22:36
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.095
1.125

Садыр Жапаров Сауд Аравиясынын падышасын өлкөнүн биригүү күнү менен куттуктады

23.09.2021 17:00
947
Садыр Жапаров Сауд Аравиясынын падышасын өлкөнүн биригүү күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Улуттук майрамы – Королдуктун Биригүү күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


«Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы өз ара ишенимге негизделген достук мамилелери, буга чейин түзүлгөн ынак карым-катнашы эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем.


Сизге жылуу каалоо-тилектеримди арноо менен чың ден соолук, узун өмүр жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми бир тууган Сауд Аравия элине тынчтык жана өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.


Президент Садыр Жапаров ушундай эле куттуктоосун Сауд Аравия Королдугунун Мураскер ханзаадасы, премьер-министрдин орун басары, коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Саудга да жолдоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн