Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Селден жабыркаган үйлөрдү тез арада калыбына келтиребиз

05.05.2022 10:23
785
Садыр Жапаров: Селден жабыркаган үйлөрдү тез арада калыбына келтиребиз

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Сузак районундагы сел апаатынан жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн жазды


"Табият кырсыгы болду.

Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам); Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам); Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам); Төөлөс айылынан 3 үй-бүлө (15 адам); Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам); Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам); Б.Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам); Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам) Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам “Ислам” чайханасына убактылуу жайгаштырылды. 


Алайга дагы жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги толугу менен ишке тартылды. 


Кудай буюрса, жабыркаган үйлөрдү жакын арада калыбына келтиребиз. Сабыр кылыңыздар",- деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн