Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстанга президент болуп шайланышы менен куттуктады

15.03.2022 16:46
598
Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстанга президент болуп шайланышы менен куттуктады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.


«Ишенимдүү жеңишиңиз түркмөн элинин Сизге болгон ишеничинин жогорку деңгээлин ырастайт. Сиздин жетекчилигиңиз менен боордош Түркмөнстан өзүнүн өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишет деп терең ишенем. Ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берет деп ишеним артам. Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырам», — деп айтылат куттуктоо жолдомодо.


Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовго чың ден соолук, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган Түркмөнстан элине бакубаттык жана өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн