Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 21:40
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди кайрадан Кытайдын төрага болуп шайланышы менен куттуктады

10.03.2023 17:26
330
Садыр Жапаров Си Цзиньпинди кайрадан Кытайдын төрага болуп шайланышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн. 10-мартта, Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын төрагасы, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскер кеңешинин төрагасы болуп кайра шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


«Акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп жатканы кубандырат. Мамлекеттерибиздин ортосунда ынак кошуначылык жана достук, саясий өз ара ишеним ырааттуу чыңдалып, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө, „Бир алкак — бир жол“ демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.


Мен өткөн жылдын февраль жана сентябрь айларында Пекинде жана Самаркандда болгон жолугушууларыбызды жылуулук менен эстейм, алар кыргыз-кытай ынак кошуначылык, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүгө абдан чоң түрткү берди.


Сиз менен жеке байланыштарыбызды мындан ары да чыңдоого жана кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди улантууга даяр экенимди билдирем», — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.


Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми дос кытай элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн