Бугу 04, 2024
Убакыт: 18:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге жүргүнчү ташыган учактын кулашына байланыштуу көңүл айтты

22.03.2022 13:09
705
Садыр Жапаров Си Цзиньпинге  жүргүнчү ташыган учактын кулашына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Гуанси-Чжуан автономдук районунун Учжоу шаардык округунун Тэнсянь уездинин Молан айылынын жанында Boeing 737 кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


«Жүргүнчүлөр жана экипаждын курамы курман болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан авиакырсыкта каза болгондордун туугандары жана жакындары менен аза кайгысын тең бөлүшүп, аларга көңүл айтам. Сизге жана Кытай элине ушул кыйын учурда кайраттуулук каалайм», - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн