Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Сочиде Путин менен болгон жолугушуу тууралуу айтып берди

31.05.2021 09:56
2031
Садыр Жапаров Сочиде Путин менен болгон жолугушуу тууралуу айтып берди

Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча “Россия 1” телеканалына маек берген учурунда сөз кылды.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия түбөлүк союздаш жана өнөктөш болуп кала берет.



“Россия, Владимир Владимирович Путин Кыргызстандын тагдырына кайдыгер эмес. Биз түбөлүк союздаш жана соода-экономикалык жактан өнөктөш өлкөбүз, ошондуктан биринчи кезекте биз Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүн талкууладык. Жалпысынан жолугушуубуздун жыйынтыгына канааттандым”, - деди ал.


Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 24-25-майда Россияга иш сапары менен барган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн