Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду

15.02.2023 10:55
160
Садыр Жапаров Советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду.


Мамлекет башчысынын кайрылуусу:


“Урматтуу мекендештер жана Афганстан согушунун ардагерлери!


Жолдош жоокерлер жана офицерлер!


Биз жыл сайын 15-февралды Советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылган күнү жана анда курман болгондорду эскерүү, ооган ардагерлерине урмат көрсөтүү күнү катары белгилеп келебиз.


Мындан 34 жыл илгери СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Түркстан аскердик округунун 40-армиясынын башчысы, генерал-лейтенант Борис Громовдун “Термез” чек ара постунда: “Менин артымда бир дагы советтик жоокер, офицер, прапорщик жок. Бул жерде болгон тогуз жылдык согуш аяктады”, - деп айткан сөзү эсибизде.


Он жылга чукул созулган согушта интернационалист-жоокерлердин арасында миңдеген кыргызстандыктар да болгон. Алар аскердик антка бекем туруп, Афганстан согушунда эбегейсиз эрдик, эстен чыккыс баатырдык менен салгылашып, эң мыкты касиеттерин – мекенчилдигин, антка-шертке туруктуулугун, тайманбастыгын таасын көрсөтүшкөн.


Афганстандагы жоокерлердин каармандыгы азыркы Мекен коргоочуларына Ата журтка берилгендиктин, өз милдетине так жана аскердик антка бекем туруунун үлгүсү катары кызмат кылат!


Урматтуу мекендештер!


Афганстан согушуна 7 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын 300гө жакыны өлүмгө тике карап, баатырларча курман болгон. 1500 жоокер жарадар болсо, 4 жоокердин дайыны чыкпай калды. Бул сандар жөнөкөй сандар эмес, ар бир сан ар бир жоокердин – ар бир мекендешибиздин тагдыры! Биз муну эч качан эстен чыгарбашыбыз зарыл!


Майдан талаасында көрсөткөн эрдиги үчүн 247 мекендешибиз СССРдин мамлекеттик жогорку сыйлыктары менен сыйланган. Биздин жердештерибиз кенже сержант Юрий Исламов менен капитан Сергей Гущин Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.


Ошол кан күйгөн согуштун бардык азап-тозогун баштан кечирген жоокерлер, жалындаган уулдарынан ажыраган ата-энелер жана жалпы Кыргызстан эли Афганстан согушун эч качан унутпайт! Арадан канча мезгил өтсө дагы алардын каармандыгы кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!


Урматтуу Афганстан согушунун ардагерлери!


Кан майданда катаал сыноолордон өтүп, топтогон мол тажрыйбаңарды мындан ары дагы өлкөнүн тынчтыгы менен бакубаттыгына жумшаарыңарга терең ишенем!


Мекенге чеп, душманга сүр болуп, кийинки муундарга дем берип жүрө бериңиздер.


Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн