Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 20:12
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Садыр Жапаров Стамбулдагы жардырууга байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

14.11.2022 21:46
389
Садыр Жапаров Стамбулдагы жардырууга байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Стамбул шаарындагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.


"Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклял көчөсүндөгү жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.


Кыргыз Республикасы бул террордук актыны кескин түрдө айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт.


Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.


Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм",- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн