Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Садыр Жапаров ТМУнун жаңы башкы катчысы болуп дайындалган Өмүралиевди кабыл алды

12.11.2022 15:04
502
Садыр Жапаров ТМУнун жаңы башкы катчысы болуп дайындалган Өмүралиевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле жакынкы келечекте Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашуу болду.


Мамлекет башчысы Кубанычбек Өмүралиевди Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ага боордош элдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.


Садыр Жапаров түрк тилдүү мамлекеттердин саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Мамлекет башчысына өз кезегинде Кубанычбек Өмүралиев жаңы кызматта алдыдагы иштин пландары жана эң биринчи милдеттери, атап айтканда Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын Саммити ушул күндөрү Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн тогузунчу жыйынында кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы жана ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда өз ара мамилелерди чыңдоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн