Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров Ташкентте ЭКУ мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышат

08.11.2023 08:49
211
Садыр Жапаров Ташкентте ЭКУ мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышат


Президент Садыр Жапаров 8-9-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарына Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат.

Өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде региондогу мамлекеттердин социалдык-маданий, илимий-техникалык өнүгүү боюнча мамилелердин ар кандай аспектилеринде өз ара пайдалуу аймактык экономикалык кызматташтыкты жана өз ара жардамдашууну түзүү аркылуу экономикалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этаптуу интеграциялоону талкуулашат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө – Азербайжандын, Ирандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Түркиянын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстандын, Пакистандын өкмөт башчылары катышат.

Саммиттин алкагында Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата "Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү — балдар жана жаштар иш-аракетте" темасында Эл аралык форум өтөт, ага президенттин жубайы Айгүл Жапарова катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн