Теке 08, 2025
Убакыт: 21:22
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.110
1.135

Садыр Жапаров Тажикстан президенти менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн билдирүү жасады

08.07.2025 16:38
18
Садыр Жапаров Тажикстан президенти менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн билдирүү жасады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда Душанбеде Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.


Төмөндө мамлекет башчысынын сөзүн келтиребиз:


«Урматтуу Эмомали Шарипович,

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,

Айымдар жана мырзалар,

Алды менен мени боордош Тажикстан Республикасына мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырганы үчүн жана салттуу меймандостугу менен жылуу кабыл алганы үчүн Тажикстан Республикасынын президенти урматтуу Рахмон Эмомали Шариповичке терең ыраазычылыгымды билдиргим келет.


Урматтуу Эмомали Шарипович менен сүйлөшүүлөрүбүз жылуу, достук маанайда, конструктивдүү негизде өткөнүн канааттануу менен белгилей кетсем.


Мамлекет башчыларынын саясий диалогу кыргыз-тажик ынак коңшулаштык мамилелеринин жана Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн эң маанилүү бөлүгү болуп саналат деп баса белгилегим келет.


Бүгүн биз мамлекеттер аралык мамилелерибиздин тарыхындагы маанилүү окуянын башында турабыз. Саясий эрк жана чечкиндүүлүктүн аркасында биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аягына чыгара алдык.


Муну өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки эң фундаменталдуу жана чындап маанилүү жетишкендиктердин бири деп эсептейм.


Бул биздин өлкөлөр жана элдерибиз үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия үчүн да чыныгы тарыхый жетишкендик.


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүү бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын жогору баасына жана оң пикирине ээ болду.


Биз соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, чек ара байланыштарын кеңейтүү, ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүү жана аймактар аралык диалогду чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык спектрин талкууладык.


Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында соода, билим берүү, өнөр жай, туризм жана башка көптөгөн маанилүү багыттардагы өз ара кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыган эки тараптуу документтерге кол коюлду.


Баса белгилей кетсем, сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыктарынын бири катары кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгарууга болгон эки тараптуу умтулуулар чагылдырылган Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.


Кыргыз-тажик өз ара кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо максатында Өкмөттөр аралык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы жана Тажикстан Республикасынын премьер-министри төрагалык кылат.


Өкмөттөр аралык кеңештин биринчи жыйынын Бишкек шаарында өткөрүү боюнча келиштик.


Мамлекеттер аралык диалогду мындан ары да чыңдоо алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Тажикстан Республикасынын Оли Мажлиси ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын белгиледик.


Биз региондор аралык жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналган "Карамык-автожол" жана "Бордөбө-автожол" эки көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруу аземин өткөрдүк.


Мамлекеттерибиздин жарандары үчүн чек арадан өтүү тартибин жөнөкөйлөштүрүүгө көмөктөшүү, анын ичинде соода-сатыкка, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча макулдаштык.


Бүгүн кыргыз-тажик алакалары өз ара сый-урмат, ишеним жана ынак коңшулаштыктын негизинде өнүгүүнүн жаңы баскычына өтүүдө.


Өзгөчө көңүл экономикалык компонентке – өз ара сооданы көбөйтүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, индустриалдык жана логистикалык зоналарды өнүктүрүүгө бурулду.


Энергетика тармагында "CASA-1000" региондук долбоорун аяктоо зарылдыгы белгиленди.


Ушул жылдын март айында Худжанд шаарында "CASA-1000" долбоорунун алкагында 500 кВ "Датка – Сугд" линиясынын ишке киргизилиши канааттануу менен белгиленди.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө коопсуздук тармагында, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташтыкты тереңдетүүгө өз ара даярдык ырасталды.


Ошондой эле биз эл аралык жана аймактык уюмдарда – БУУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ жана башкаларда координацияны күчөтүү ниетибизди билдирдик.


Биз эл аралык түзүмдөрдө бири-бирибиздин талапкерлигибизди колдоого жана климаттын өзгөрүшү, суу жана тоо экосистемалары, ошондой эле мөңгүлөрдү сактоо сыяктуу чөйрөлөрдө демилгелерди биргелешип илгерилетүүгө макулдаштык.


Биз ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларынын алкагында саясий диалогду улантууну жана чыңдоону колдоп жатабыз.


Маданият жаатында биз биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүүнү, искусство жана спорт ишмерлеринин делегациялары менен алмашууну колдодук, бул биздин элдердин мындан ары да жакындашуусуна өбөлгө түзөт.


Гуманитардык мүнөздөгү маселелерге - Тажикстандагы кыргыздардын жана Кыргызстандагы тажиктердин этникалык жана тилдик өзгөчөлүгүн сактоого, ошондой эле маданий борборлорду, коомдук бирикмелерди жана билим берүү мекемелерин колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурдук.


Биз академиялык жана жаштар алмашууларын, илимий мекемелердин кызматташтыгын жана билим берүү документтерин өз ара таанууну колдойбуз.


Сөз соңунда бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн боордош эки элдин достук жана жакын коңшулук мамилелерин бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган жыйынтыгына жана жетишилген макулдашууларга канааттанганымды өзгөчө белгилегим келет.


Жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун жогорку динамикасын сактоо максатында, Тажикстандын президенти урматтуу Рахмон Эмомали Шариповичти каалаган убакта Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чын дилимден чакырам.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн