Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

30.06.2022 17:22
514
Садыр Жапаров Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, "Кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду".

Эки президент Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алдыдагы консультативтик жолугушуусу темасына да токтолушканы, эки мамлекет жана эки эл ортосундагы ынак коңшулук менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашканы да кабарланды.

Чек аралаш эки өлкө ортосундагы негизги маселе - чек ара тилкесинин тактала электиги. Мунун айынан былтыр жазында ондогон адамдын өмүрүн алган ири чек ара чыры катталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн