Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Токаев менен Түркмөнстанда жолугушту

06.08.2021 18:10
993
Садыр Жапаров Токаев менен Түркмөнстанда жолугушту

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.


Анда тараптар ар кыл багыттар боюнча эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулаганын президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.


Садыр Жапаров учурда кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгы активдүү жана жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.


Ал бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки мамлекеттин ортосундагы өз ара карым-катнашты мүнөздөгөн союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда салттуу түрдө өтүп жатканына көңүл бурду.

Садыр Жапаров коңшу өлкө менен саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүнү көздөп жатканына басым жасады.


Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев боордош эки өлкөнүн - Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин баса белгилеп, өз ара байланыштарды тереңдетүүнү улантуу зарылдыгына токтолду. Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровдун Борбор Азия мамлекет башчыларынын бүгүнкү консультативдик жолугушуусунун алкагында жакшы демилгелерди көтөргөнүн билдирип, ал сунуштарды ар кандай эл аралык аянтчаларда колдоого даярдыгын айтты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн