Баш оона 24, 2025
Убакыт: 13:15
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Садыр Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

16.12.2022 14:09
641
Садыр Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

  

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.


Президент Садыр Жапаров Президент Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми, боордош казак элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн