Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаров Токаевди туулган күнү менен куттуктады

18.05.2022 15:37
1001
Садыр Жапаров Токаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 18-майда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Садыр Жапаров Касым-Жоомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.


Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, Казакстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.


Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровго куттуктоосу жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, боордош өлкөлөр ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн