Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Токаевди туулган күнү менен куттуктады

17.05.2021 12:02
1049
Садыр Жапаров Токаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү, - деп кабарлайт президенттин басма сөз кызматы.


Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн