Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров: Тоскоолдук болбосо Тажикстан менен чек араны жаңы жылга чейин чечебиз

17.11.2022 16:08
534
Садыр Жапаров: Тоскоолдук болбосо Тажикстан менен чек араны жаңы жылга чейин чечебиз

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесин карады.


Депутаттардын 64ү “макул”, 19у “каршы” добушун берди.


Добуш берүүдөн кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, мыйзамды колдогон депутаттарга ыраазычылык билдирди.


"Бүгүн тарыхый окуяга күбө болуп отурабыз. Ал үчүн Өзбекстан менен болгон чек араны тактоону колдоп берген депутаттарга ыраазылык билдирем.


Эми биз Тажикстан менен болгон чек арабызды чечишип алышыбыз керек. Эч кандай тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин долбоорду алып келебиз.

Биз кошуна өлкөлөр менен түбөлүк достукта жашашыбыз керек. Чек ара толук чечилгенден кийин биз толук коопсуз өлкө болобуз",-  деди президент Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн