Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Түркмөнстан президентине ыраазычылык кат жолдоду

01.07.2021 09:19
1297
Садыр Жапаров Түркмөнстан президентине ыраазычылык кат жолдоду


Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык кат жолдоду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго Түркмөн жергесине болгон расмий сапарынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы жана кыргыз делегациясына көрсөткөн сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.


"Сапардын алкагында өткөн иш-чаралар, айрыкча сиз менен конструктивдүү жана бири-бирине ишеним арткан маанайда өткөн жолугушуулар кыргыз-түркмөн бир туугандык алакаларынын өнүгүүсүнүн дагы бир тарыхый тепкичи болуп калды. Ал жолугушуулардын алкагында жетишилген макулдашуулардын айрымдары тез арада иш-жүзүнө ашып жатышына абдан кубанычтамын", - деп Садыр Жапаровдун жолдогон ыраазычылык катында жазылат.


Президент Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы бир туугандык мамилелер жана стратегиягиялык өнөктөштүк эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары дагы кеңейип, тереңдей берерине бекем ишенет.


Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргыз Республикасына жооп сапар менен ыңгайлуу, каалаган убакытта келип-кетүүгө чакырып, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине ачык асман жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн