Тогуздун айы 11, 2024
Убакыт: 20:20
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.875
0.915

Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы менен жолугушту

11.10.2024 18:04
19
Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы менен жолугушту


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле соода, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаров менен жылуу учурашып, түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык мааракесине арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Түркмөнстан Кыргызстан менен кызматташтыкты жогору баалаарын баса белгилеп, эки тараптуу күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын айтты.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан Түркмөнстан менен терең маданий жана тарыхый байланыштарга таянып, товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулоого даяр экенин белгиледи.

Бул контекстте мамлекет башчысы регионалдык интеграцияны жакшыртуу жана товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн энергетика тармагындагы кызматташтыкка жана өлкөлөр ортосунда жаңы транспорттук коридорлорду түзүүгө көңүл бурууну сунуштады.

Муну менен катар тараптар маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да талкуулашты жана бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы боордоштук мамилелерди тереңдетүүнүн кезектеги кадамы болот деген ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго Махтумкули Фрагинин тандалма чыгармаларынын кыргыз тилиндеги китебин тартуу кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн