Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:57
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Түркмөнстандын президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

27.09.2021 15:35
577
Садыр Жапаров Түркмөнстандын президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


«Сизди жана жалпы Түркмөнстан элин өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан Түркмөнстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Кылымдарды карыткан тарыхы бар Түркмөнстан


30 жылдын ичинде өзүнүн ички жана тышкы саясатында чоӊ ийгиликтерге жетишип, учурда эл аралык коомчулукта татыктуу орунга ээ болду.


Дүйнө мамлекеттеринин арасынан эӊ алгач «Түбөлүк нейтралитет» макамына жетишкен өлкө катары Түркмөнстан чыныгы тынчтыктын жана ишенимдүүлүктүн мекенине айланды», - деп айтылат мамлекет башчысы жолдогон куттуктоодо.


Садыр Жапаров эгемендүүлүк жылдар ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер бекемделип, эӊ бийик деӊгээлдеги ишенимдүү стратегиялык өнөктөштүк түзүлгөнүн белгиледи.


Ошондой эле ал эки боордош элдин ортосундагы ынтымак жана жылуу мамилелер андан ары да чыңдала берерине ишеним артарын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн