Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Түзөтүү мекемелерин кайтаруу департаментинин 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

12.05.2022 13:06
726
Садыр Жапаров Түзөтүү мекемелерин кайтаруу департаментинин 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Президент  Садыр Жапаровдун катышуусунда КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаментинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.


Мамлекет башчысы департаменттин кызматкерлерин куттуктап, алардын укук тартибин камсыздоодогу салымын белгиледи.


"Урматтуу аскер кызматкерлери!


Баарыңыздарды департаменттин 80 жылдыгы менен куттуктайм. Сиздер мындан ары дагы өлкөгө чын жүрөктөн кызмат кыла бересиздер деп ишенемин.


Сиздерге чың ден соолук жана үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык каалайм. Ишиңиздерге кыраакы болуңуздар, сиздерге албан ийгиликтерди каалайм.


Жер жүзүндө жана Кыргызстанда дайыма тынчтык болсун", - деди президент.


Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында президент кызматкерлерге ыраазычылык каттарды тапшырды.


Эскерте кетсек, иш-чарага коопсуздук кеңешинин катчысы марат Иманкулов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, юстиция министри Аяз Баетов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана башкалар катышууда.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн