Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирип, кайрылуу жасады

23.02.2022 08:08
1572
Садыр Жапаров Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирип, кайрылуу жасады

22-февралда президент Садыр Жапаров Украинадагы кырдаал боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.



"Мен Украинанын чыгышындагы кырдаалды терең тынчсыздануу менен кабылдап жатам. Кыргыз Республикасы жаңжалды жөнгө салуу боюнча бирден-бир документ болуп саналган, БУУнун Коопсуздук кеңешинин колдоосун алган Минск келишиминин негизинде иш алып барууну ар дайым жактап келген. Тилекке каршы, анын аткарылбашы азыркы татаал кырдаалга алып келди. Жаралган кырдаалды курмандыктарды болтурбоо үчүн менен гана жөнгө салуу керек деп эсептейм. Анткени адам өмүрү жер бетиндеги эң баалуу нерсе. Чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн кырдаалды жөнгө салууда этияттуулукту жана токтоолукту көрсөтүүгө чакырам. Балким, бул көп сандагы Орус жарандары жашаган Донбасс аймактарынын карапайым калкын коргоо үчүн жасалган аргасыз чара болгондур. Мамлекетти таануу ар бир өлкөнүн суверендүү укугу экенин белгилегим келет", - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн