Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Улуттук банкта кыргыз алтынын сатып алуучулар кезекке турганын билдирип, аларды колдоду

01.03.2022 17:18
506
Садыр Жапаров Улуттук банкта кыргыз алтынын сатып алуучулар кезекке турганын билдирип, аларды колдоду

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйгөндүгүн жазган.


"Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга (бизде, Кудайга шүгүр, чет өлкөлүк банктарда же үйлөрүндө акчасын сактаган жарандарыбыз көп). акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт", - деп жазган президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн