Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров Валентина Шевченкого 1 млн сом белек кылды

22.11.2021 17:51
610
Садыр Жапаров Валентина Шевченкого 1 млн сом белек кылды

Президент Садыр Жапаров кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченкону бүгүн, 22-ноябрда кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, жолушууга спортчунун апасы жана машыктыруучусу чогу келген.


Мамлекет башчы спортчу айым жана анын жакындары менен чай үстүндө баарлашып, ага ийгиликтерди каалады.


Андан соң мамлекет башчы мушкер кыз Валентина Шевченкону бул аракеттерин баалап, 1 миллион сомдук акчанын сертификатын тапшырды.


Белгилей кетсек, Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн Шевченко кечээ, 21-ноябрда мекенине кайтып келген. Ал Кыргызстанда эки-үч жумага чейин кала турганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн