Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 15:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Садыр Жапаров Виктор Орбанды Венгриянын кайрадан премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады

18.05.2022 12:13
423
Садыр Жапаров Виктор Орбанды Венгриянын кайрадан премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Виктор Орбанды Венгриянын Премьер-министри кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады.


 «Сизди Венгриянын Премьер-министри болуп кайра шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул жооптуу мамлекеттик кызматта Сизге зор ийгиликтерди каалайм. Быйыл Кыргызстан менен Венгрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргыз Республикасы Венгрия менен мамлекеттер аралык мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк нугунда чыңдоого умтулат деп ырастайм. Биз бардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз», - деп айтылат куттуктоо катында. 


Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанга чың ден соолук жана бакубаттык, ал эми боордош Венгрия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн