Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

06.12.2022 15:25
321
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.


Жылуу баарлашууда учурдан пайдаланып, Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакыт, бакубатчылык жана жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.


Президент Садыр Жапаров өз кезегинде россиялык кесиптешине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолору жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да алдыга өнүгүп, чыңдала берерине ишенимин билдирди.


Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн