Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндону кабыл алды

06.07.2023 14:28
283
Садыр Жапаров Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндону кабыл алды


Президент Садыр Жапаров бүгүн Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын башкы кеңешинин төрагасы, Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндону кабыл алды.

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров, учурдан пайдаланып, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен акыркы жолу 2021-жылы Глазгодо жолукканын белгилеп, ага саламын жана жылуу каалоо-тилектерин жолдоду.

“Биздин жолугушуубуз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштарды чыңдоодо дагы бир позитивдүү кадам болот деп ишенем.

Япония Кыргызстан үчүн жакын дос жана узак мөөнөттүү өнөктөш. Өткөн жылы биздин өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешти. Бул мезгилдин ичинде саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча бай тажрыйба топтолду, Кыргыз Республикасы менен Япониянын элдеринин ортосунда тыгыз достук байланыштары түзүлдү”, - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналарын баса белгиледи. Ал Япония тарабына демократияны чыңдоого, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көрсөткөн үзгүлтүксүз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров элдик парламенттик дипломатияны өнүктүрүү алкагында маданиятты, каада-салттарды жана руханий баалуулуктарды жайылтууда эки өлкөнүн парламентарийлеринин ролу маанилүү экенин айтты.

Президент Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун жакшы жыйынтыктарын белгилеп, ага улуттук макам берилип, мындан ары өлкөнүн бардык аймактарында кеңейтүү чечимин айтты.

“Япония дүйнөдөгү экономикасы күчтүү алдыңкы өлкөлөрдүн бири экенин эске алуу менен, кыргыз тарап улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн Япониядан алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга кызыкдар.

Гидроэнергетика тармагында чакан ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорго катышууга чакырам. Туризм тармагы дагы жакшы дараметке ээ”, - деп президент белгилеп, Япония жарандарына буга чейин он жыл мурун визасыз режим киргизилгенин жана япониялык туристтерге кыргыз тарап ар дайым кубанычта экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын башкы кеңешинин төрагасы, Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндо Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул анын Кыргызстанга биринчи сапары экенин белгиледи.

Ал өлкө жетекчилигинин Японияга чакыруусун Садыр Жапаровго жеткирип, премьер-министр да алардын Глазгодогу жолугушуусун эстеп, өз өлкөсүндө кайрадан жолугууга үмүттөнөрүн белгиледи.

Парламенттик карым-катнаш тууралуу айтып жатып, Тосиаки Эндо Япония тарап адам ресурстарын инвестициялоого басым жасоо менен кыргыз тарап менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, ал климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Биргелешкен долбоорлорду белгилеп, ал энергетика тармагындагы долбоорду атап жана анын Кыргызстандын жетекчилигинин колдоосу менен тез арада ишке ашарына үмүт артаарын айтты.

Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Япониянын Юстиция министрлигинин, Япониянын тышкы иштер министрлигинин, Япониянын саламаттыкты сактоо, эмгек жана бакубатчылык министрлигинин, ошондой эле Япониянын улуттук полиция агенттигинин ортосунда маалыматтык өнөктөштүктүн базалык алкактык негизи боюнча "Белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер" болуу статусу бар чет өлкөлүк эмгек ресурстарына тиешелүү системанын тийиштүү иштеши үчүн кызматташуу жөнүндө кол коюлган Меморандумдун документтери менен алмашуу болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн