Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров ЖЭБдеги жарылуудан жабыркагандардан кабар алды

02.02.2024 14:46
186
Садыр Жапаров ЖЭБдеги жарылуудан жабыркагандардан кабар алды


Президент Садыр Жапаров Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, Бишкек ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткандардын ал-акыбалын сурады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровго бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, бардык зарыл болгон медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Жабыркагандар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Президент бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн