Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 15:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Садыр Жапаров ЖЕЭКтин онлайн жыйынында кандай маселелерди козгоду?

21.05.2021 17:34
1874
Садыр Жапаров ЖЕЭКтин онлайн жыйынында кандай маселелерди козгоду?

«Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөр жалпы каржы рыногун өнүктүрүүнүн үстүндө ишти күчөтүшү зарыл», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги видеоконференция форматында өткөн жыйынында, - деп кабарлайт президенттин басма сөз кызматы.


Мамлекет башчысы учурдагы оор мезгил интеграциялык кызматташуунун келечектүү багыттарын өнүктүрүү жана колдогу ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн Бирликтин негизги багытын өзгөртүү зарылдыгын көрсөткөнүн белгиледи.

«Бул кадам жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, импортту алмаштыруу, өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын биргелешип иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле эмгек ресурстарынын потенциалын жогорулатуу боюнча аракеттерди бириктирүүнүн негизинде Бирликтин илимий-техникалык жана өндүрүштүк потенциалын биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Экономикалык интеграциянын ийгиликтүү көрсөткүчү, товарлардын эркин жүгүртүлүшүнөн тышкары, бул биргелешкен ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат», — дейт Садыр Жапаров.

Президент мында евразиялык интеграциянын символу боло алган олуттуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу механизмин киргизүү боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Быйыл Стратегиялык багыттарды ишке ашыруунун алкагында ЕАЭБ чөлкөмүндөгү өнүгүү божомолун иштеп чыгуу мерчемделүүдө.

Мамлекет башчысы Бирликтин бардык мүчө- мамлекеттеринин инновациялык өнүгүү боюнча дымактуу чечимдерди кабыл алуусу өсүү темпинин жаңы деңгээлге чыгуусуна мүмкүндүк берерине ишенет. Мында Кыргыз Республикасы бүгүн каралып жаткан макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары боюнча документтин толук кандуу ишке ашырылышына өзгөчө маани берет.

«Өткөн жыл каржы рыногуна өз ара жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөтүү зарыл экенин көрсөттү. Азык-түлүк товарларына тышкы инфляция менен катар улуттук валюталар күчүн жоготуп, жалпы суроо-талаптын төмөндөшүнө карабастан, Бирлик чөлкөмүндө керектөөчү баалардын өсүшүнө алып келди. Өз ара эсептерде улуттук валюталарды активдүү колдонуу менен валюта чөйрөсүндөгү кызматташууну тереңдетүүгө басым жасоо сунушталат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент тышкы инфляциянын «азык-түлүк куржунундагы» товарларга болгон таасирин теңдештирүү менен катар Бирликке мүчө-мамлекеттердин улуттук валюталарында соода-финансылык операцияларды жүргүзүүнү камтыган натыйжалуу механизмди ойлоп табууну сунуштады. Ошол эле учурда, улуттук төлөө системасын пайдалануу жана киргизүү менен ыкчам түрдө бирдиктүү төлөм мейкиндиги түзүлүшү керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн