Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:57
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров ЖККУнун жыйынына катышуу үчүн Ереванга жөнөп кетти (делегация курамы)

23.11.2022 10:10
503
Садыр Жапаров ЖККУнун жыйынына катышуу үчүн Ереванга жөнөп кетти (делегация курамы)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Ереван шаарына иш сапары менен учуп кетти.  Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

 

Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат. 

 

Мындан тышкары ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.  

 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында: 

 

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; 

 

- Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов; 

 

- Коргоо министри Бактыбек Бекболотов; 

 

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.  

 

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армения Республикасынын Уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Беларусь Республикасынын төрагалык мезгилинде ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматтарды угат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн