Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров ЖККУнун жыйынына катышууда

16.09.2021 11:56
729
Садыр Жапаров ЖККУнун жыйынына катышууда

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Душанбе шаарындагы “Улут сарайына” келди. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн “Улут сарайына” келди. 


Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун учурашуусунан соң, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары биргеликте сүрөткө түшүштү. 


Андан соң уюмга катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлери күн тартибин тар чөйрөдө талкулоо үчүн жыйындар залына киришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн