Кулжа 18, 2025
Убакыт: 15:31
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Садыр Жапаров ЖКда жаңы дайындалган министрлердин ант берүү аземине катышты

18.06.2025 11:11
17
Садыр Жапаров ЖКда жаңы дайындалган министрлердин ант берүү аземине катышты


Кыргыз парламенти жаңы Кыргызстанды курууга чоң салымын кошууда, - деди президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы дайындалган министрлердин ант берүү аземинде. 


Ант берүү аземинен кийин президент өлкөдөгү жаңыланууларга жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолду. 


"Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдоо, салык жыйымдарын арттыруу, шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана башка коомдук-саясий турмушубузга түздөн-түз таасирин тийгизе турган мыйзам долбоорлорун кабыл алып бердиңиздер. Булар эми сиздер жасап жаткан алгылыктуу иштериңиздердин аз гана бөлүгү. Элдин кызыкчылыгына туура келген мындай мыйзамдарды айта берсек абдан көп", – деди өлкө башчысы.


Ошондой эле Садыр Жапаров кыргыз парламенти жаңы Кыргызстанды курууда чоң роль ойноп жатканын белгиледи. 


"Андыктан мыйзам чыгаруу бийлигинин бардык өкүлдөрүнө, Төрага Нурланбек Тургунбек уулу башында турган Жогорку Кеңештин депутаттарына жана ар дайым аркада бел-күч болуп келе жаткан парламенттин Аппаратынын кызматкерлерине тилектердин ишке ашуусуна кош-колдоп салым кошуп, эриш-аркак иштеп жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем", – деди ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн