Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:17
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров: Жакыр жашаган адамдардын саны жылдан жылга азайыш керек

25.12.2021 11:54
882
Садыр Жапаров: Жакыр жашаган адамдардын саны жылдан жылга азайыш керек



"Жакыр жашаган адамдардын саны жылдан жылга азайып, орто жашаган адамдардын катары көбөйүшү керек. Карапайым элдин басымдуу бөлүгүн колдоо — менин жүрөгүмдөгү иш болду!", — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышында.


Мамлекет башчысы аткарылган иштер боюнча отчет берип жатып, элдин негизги өтүнүчтөрүнө токтолду:

1) пенсия, жөлөкпул, айлыктарды көтөрүү;

2) турак жай менен камсыздоо;

3) документи жок үйлөрдү документтештирүү, жерлерин транс


Президент бул багытта кыска аралыктын ичинде биз эмнелер аткарылганына токтолду. 

«Аз камсыз болгон жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында 2022-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар, 

»үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпул алган муктаж үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифин 77 тыйындан 50 тыйынга түшүрдүк. 

(2021-ж.6-дек.).


Бул демилге 112 миң үй-бүлөнү камтыйт. Бул абдан чоң колдоо.


• Өткөн жылы мен Нарын тарапка барганда 1000 кВт саатык лимит боюнча убадамды бергем. 

Аны толук аткардым. Бийик тоолуу жерлерден бул лимитти таптакыр алып салдык. 

• Балдар үйү, карылар үйүндөгүлөрдүн тамактануусун жакшыртуу боюнча чечимди ошол үйлөргө барып, жеринде дароо кабыл алдым (2021-ж.6-дек.). Тамагына бөлүнгөн каражат 110 сомдон 220 сомго көтөрүлдү.

• Пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө Жарлыкка кол койдум.


Азыр орточо пенсия 6 248 сомду түзөт.


Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун 711 миңден ашык пенсионердин жашоосун жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштары бар экенин жана анын баарын ишке ашыра тургандыгын баса белгиледи.


»Биз көбүрөөк карапайым элге жардам берели деп жатабыз. Биздин максат — өлкөдө жакшы жашаган адамдардын санын көбөйтүү», — деди Президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн