Бугу 12, 2024
Убакыт: 18:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө карата Россияга барат

25.04.2023 13:09
305
Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө карата Россияга барат

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Россияга барат. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.


«Алдыдагы сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда.


Өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.


Ошондой эле Россия Федерациясынын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда.


2023-жылдын 9-майында Москва шаарында мамлекет башчысы ардактуу конок катары Жеңиш Парадына катышат», - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн