Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 07:16
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Жети-Өгүз районунун акимин кызматтан алды

31.03.2023 14:43
410
Садыр Жапаров Жети-Өгүз районунун акимин кызматтан алды

Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулду.


Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.


««Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Тагаев Мураталы Абдыкарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду», - деп айтылат билдирүүдө.


Белгилей кетсек, Мураталы Тагаев аталган кызматка 2022-жылдын март айында дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн